Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Азамат Ишенбекович Сурантаев атындагы Кемин №2 орто мектеби жөнүндө маалымат

 

Чуй облусунун Кемин районундагы Азамат Ишенбекович Сурантаев атындагы Кемин №2 орто мектеби 1966 — жылы курулган.  320 орундуу, курулуштун тиби — кирпич, чатыры шифер, жылытуу түрү — көмүр, имарат эки кабаттуу. Мектептин жалпы аянты 2564,7 м кв.м.түзөт.  Мектепте спорт зал, актовый зал, ашкана бар. Жылытуу системасы жана даараткана эшикте жайгашкан.  Мектеп 2016 — жылы капиталдык ремонттон өткөн. Окуу эки кезметте кыргыз жана орус тилинде жүзүлөт. Мектептин башталгыч класстарына ысык тамак уюштурулган.  Мектепте таза суу киргизилген. Кол жуугучтар орнотулуп, суу ысытуучу аристондор иштеп турат.

Кыргыз Республикасынын Билим Берүү уюмдарын аккредитациялоо жөнүндөгү 16 — июнь 2018 — жылындагы № 188 буйругунун негизинде аккредитациядан өткөн.

Кемин районунун Кемин шаарынын кулуну, «Скарпион » аскер бөлүгүнүн жоокери, 2010 — жылы Ош коогаланында баатырларча курман болгон, ушул мектептин окуучусу Сурантаев Азамат Ишенбековичтин ысымы 2011 — жылы берилген.  Ошондон бери мектеп А.И.Сурантаев ысымын алып жүрөт.

 

Мектептин миссиясы: 

Алган билимин турмушта пайдалана билген, коомдо өзүнүн ордун таба алган, активдүү, креативдүү ойлоно алган, билимдүү окуучуларды тарбиялоо.

А.И.Сурантаев атындагы Кемин №2 орто мектебинин проблемасы: «Иновациялык ыкмаларды колдонуу менен окуучулардын билим денгээлин жогорулатуу»

 

 

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета