Рахманова Айдай Торгоевна

заместитель директора по учебно-воспитательной работе, учитель нач.кл с кырг.яз об.

Рахманова Айдай Торгоевна 1986 — жылы 6 — мартта Жалал — Абад облусунун Ноокен районундагы Арал айылында төрөлгөн.  1992 — 1993 — окуу жылы Арал айылындагы Арал орто мектебине 1 — класска кирип, 2003 — 2004 — окуу жылы 11 — классты аяктаган.

2003 — жылы Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин көркөм өнөр факультетине тапшырып, 2009 — жылы «көркөм өнөр» мугалими квалификациясына ээ болгон.

Алгачкы эмгек жолун 2012 — жылы Ыссык — Көл облусунун Жети — Өгүз районуна караштуу К.Саалиев атындагы Дархан орто мектебинде көркөм өнөр жана эмгекке үйрөтүү мугалими болуп иштеп баштаган.

2014 — жылы Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарындагы А.И.Сурантаев атындагы Кемин№ 2 орто мектебинде көркөм өнөр мугалими болуп эмгектенип, 2016 — жылдан баштап билимди жогорулатуу курсуна барып окуп, башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенип келет.

2017 — жылдан тартып аталган мектепте окуу — тарбия иштери боюнча директордун орун басары милдетин аткарып келет.

Үй бүлөлүү: 1 кыздын апасы.