Жапарова Кульжан Маликовна

директор КСШ №2, учитель кыргызского языка и литературы

Жапарова Кулжан Маликовна 1988-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетине кирип, кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигин 1993-жылы аяктаган.

1993-жылы эмгек жолун Кочкор районундагы Шамшы орто мектебинен баштаган, 1994-жылы Бишкек шаарындагы №53 мектепте иштеп, 1996-жылы Кемин №3 орто мектебине которулуп келген. А.И.Сурантаев атындагы Кемин №2 орто мектебинде 2002-жылдан бери үзгүлтүксүз кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келе жатат.

Жапарова Кулжан Маликовна өзүнүн педагогикалык жолунда чыгармачылык менен изденген ар тараптуу мугалим. Өз предметине чыгармачылык менен мамиле жасап, сабакты окуучуларга абдан кызыктуу өтөт. Балдардын элестетүүсүн калыптандырып, сабакка жандуу процесс катары карап, такай жаңыланып окуучулар менен биргелешип изденип, жаңы окутуу технологиясына ээ болуу максатында көп аракеттерди жумшап, өзүнүн профессионалдык жарамдуулугун өстүрүп, сабакта өтүлө турган материалдын мазмунун кызыктуу өтүшүнө дилгирленип, инновациялык ыкмаларды колдонуп, кызыктуу сабак өтөт.

Кулжан Маликовна мектептер аралык мамлекеттик тилди окутууга арналган семинарларга дайыма катышат, өзүнүн квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатып келет.

Кулжан Маликовна окуучуларга терең билим бере алат, ошол эле убакта мектепте тарбиялак иштерди жогорку деңгээлде өткөрөт. Окуучулар менен иштөөдө ар бир окуучунун мүнөзүнө карап, жекече мамле түзөт, алардын логикалык ой-жүгүртүүлөрүн өстүрүүгө көп көңүл бөлөт.

Кулжан Маликовна мектепте усулдук бирикменин жетекчиси болуп иштөө менен, жаш адистерге өзүнүн методикалык жардамдарын берип, жаш мугалимдердин   кызыкчылыгын ар тараптан колдоп, акыл-насааттарын айтып, жамааттын алкышына ээ болуп келет.

Кулжан Маликовна окуучуларга билим жана тарбия берүү менен гана эмес, ата-энелер менен тыкыз байланышта болуп, окучуулардын билимин жана тарбиясын айкалыштырып иштеп келет.  Окуучулардын билим деӊгээлин көтөрүүдө албан ийгиликтерге жетишип, райондук олимпиадалардан окуткан окуучулары байгелүү оорундарды ээлеп, НЦТ тесттеринде жогорку баллдарды  алып, ийгиликтерди жаратып жатат.

Педагогикалык кадрлар менен иштешүүдө адамкерчиликтүү, жөнөкөйлүк, прфессионалдык мамиле жасайт. Токтоо жүрүш-турушу, маданияттуу жөнөкөй мыкты адистиги менен айырмаланып турат, өзүнө карата айтылган сын-пикирлерди туура кабыл алат. Кесиптештери жана ата-энелер арасында кадр-баркка ээ. Өз ишине жоопкерчиликтүү мугалим. Үй-бүлөлүү.