1 июнь- Балдарды коргоо күнү
2023 жылдын 1 июнунда, мектептин короосунда, 1 июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш чара болуп өттү.
Даярдалган конкурс, оюндар балдардын маанайын көтөрдү. Алар ырдашып, бийлешип, көңүл ачышты жана мектептин короосуна сүрөттөрдү тартуу менен иш чара аякталды.
Балдар — биздин бактыбыз, келечегибиз, жашообуздун жарыгы жана маңызы. Ар бир бала мээримге бөлөнүп, бактылуу балалыкта чоңоюшсун!
Майрамыңар менен, биздин сүйүктүү бөбөктөр!
Комментарии