9-май — Улуу Жеӊиш Майрамы
Тарых билет, тарых айтат ѳткѳндү,
Жер быркырап элдин каны тѳккѳндү.
Ошол согуш, ошол тѳрт жыл кайгылуу
Кырчын жанды кыяматтан ѳткѳрдү.
Мына ушулар шейит кеткен билебиз,
Θлсѳ дагы γмүт кγтүп жγрѳбγз.
Аттарынын ар бир тамгаларына
Таазим кылып башыбызды ийебиз!
Н.Байтемиров
А.И.Сурантаев атындагы Кемин №2 жалпы билим берγγ орто мектебинде 9 –май Улуу Жеӊиш кγнγнѳ карата иш чара болуп ѳттγ. Иш чаранын катышуучулары: окуучулар, мугалимдер , жана мектеп администрациясы болду.
Иш чаранын максаты:
- 9-май Улуу Жеӊиш кγнγ жѳнγндѳ жана кандуу согуш боюнча маалымат алышат
- Согушта курман болгон аталарыбызды эскеруу менен согуш баатырлары, ардагерлери жѳнγндѳ билишет
- Мекенди коргоого жана улуттар аралык ынтымакты сактоого тарбияланышат
Иш чара алгач Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды. Минуталык эскерүү Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор үчүн болуп өттү.
Мектеп директору Жапарова Гулжан Маликовна куттуктоо сѳзγн айтты.
8а класстын окуучусу Кенжебаева Аделина согуш жѳнγндѳ доклад окуп, кыскача видео кѳрсѳтту.
5б класстын окуучулары – Насирдинов Фархат, Дик Ольга, Усенова Алтынай, Зеленский Никита согуш жана жеӊиш жѳнγндѳ кѳркѳм ырларды окушту.
10б класстын окуучусу Чугункова Ангелина «Экология, мекен таану жана туризм боюнча Республикалык балдар жана ѳспүрүмдѳр борбору» тарабынан, Улуу Жеӊтиштин 78 жылдыгына карата «Эстѳѳ Поезди» атту, республикалык мектептер арасында жарыяланган коркурска эссе жазып, видеоролик жѳнѳткѳн, жана мектептеги иш чарада эссе окулуп, видео кѳрсѳтүлдү.
7а класстын окуучусу Каныбекова Нурай, 8б классынын окуучулары Мукашева Хадижа, Чопонкулова Жамиля жана 4а класстын окуучусу Идирисова Полина «Смуглянка» ырын ырдашып, бийлешти.
11а класстын окуучусу Базылбекова Диана «Катюша» ырына бий бийледи.
Мугалимдер, окуучулар Жеӊиш кγнγнѳ карата куттуктоолорду айтышты.
Иш чарага жоопту директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары — Токтобаева М.Э. болду.
Комментарии