25-май — Акыркы коңгуроо!
А.И.Сурантаев атындагы Кемин #2 жалпы билим берүү орто мектебинде 25 майда, 2023 жылы акыркы коңгуроо кагылды. Салтанаттуу иш-чарага мектеп окуучулары, мугалимдер, администрация, ардактуу коноктор жана ата-энелер катышышты.
Окуучулар жана бардык коноктор үчүн музыкалык куттуктоолор мектептин бий коллективинин жана жаш ырчы Идрисова Полинанын аткаруусунда болуп өттү.
Куттуктоолорун жана коштошуу сөздөрүн мугалимдер, ата-энелер айтышты.
Бүтүрүүчүлөр мугалимдерге ыраазычылык ырларын окушуп, коштошуу вальсын аткарышты.
Мектеп директору Жапарова К.М. бардыгын окуу жылынын аякташы менен куттуктап, окуучуларга мактоо баракчаларын жана активдүү ата-энелерге ыраазычылык каттарын тапшырды. Бүтүрүүчүлөргө куттуктоо жана коштошуу сөздөрүн айты.
Бүтүрүүчүлөрдүн активисттерине мактоо баракчаларын тапшырып, куттуктоо сөзүн окуу завучу Рахманова А.Т. айтып жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга кабыл алуу жөнүндө буйругун окуду.
Ошентип, бүтүрүүчүлөр балалыктары менен коштошушуп, көгүчкөндөрдү учурушту.
Ак жол, силерге, бүтүрүүчүлөр!
Комментарии