23-аперль — Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү
А.И. Сурантаев атындагы Кемин #2 жалпы билим берүү орто мектебинде, райондук деңгээлде китеп күнүнө карата семинар болуп өттү.
Катышкан китепканачылардын саны 25 болду. Ошондой эле, KOICA — Корей эл аралык агентствосунун волонтёру Нарина Ким (Narina Kim) катышты. Нарима айым китеп маселесине жардам берүүгө аракет кылып жатканын негизинде, конок катары чакырылган.
«Азыркы коомдогу китеп окуунун көйгөйлөрү» аттуу семинардын темасы коюлган. Темага карата даярдалган сценка, кыскача видеоролик, презентация көрсөтүлүп, анын тегерегинде кызыктуу талкуулар жүрдү.
Санариптик китепкананын максаты, функциясы, жана анын иштеши каралды.
«Ким мыкты китепканачы?» аттуу даярдалган оюн катары суроо-жооп китепканачылардын маанайын көтөрдү. «Менин китебим» аттуу креативдүү, тайпалык иш жүргүзүлүп, китепканачылар өзүлөрүнүн оюндагы китепти тартышып, атын коюшуп, жактап беришти. Нарина айым дагы иш чарага активдүү катышып, маселеге болгон ой пикирин айтып, жакшы кеп кеңештерди берди.
Окуучулар тарабынан китеп жөнүндө көркөм ырлар окулуп, таланттуу окуучулар өнөрлөрүн тартуулап, ыр, бий, комуз күүсү жаңырды.
Семинардын катышуучулары ыраазычылык билдирип, семинар кызыктуу өткөнүн белгилешти жана көйгөйлүү маселе көтөрүлгөнүн айтып өтүштү.
Семинарды өткөрүүгө жооптуулар: китепканачы Бактыгулова Динара, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Токтобаева М.Э. болушту.
Комментарии